Жаңылыктар

29.03.2023 (Обновлено: 30.03.2023 18:28)

ЕАЭБде айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн бааларынын индекси 2023-жылдын февраль айында 100,1% түздү

Евразия экономикалык бирлиги боюнча айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн баасы 2023-жылдын февралында 2023-жылдын январына салыштырмалуу 0,1%га, 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу — 0,2%га өстү.

Декабрь айына салыштырмалуу баалардын өсүшү Кыргызстанда (4%га), Арменияда жана Россияда (ар бир мамлекет боюнча 0,3%га) белгиленген. Ошол эле учурда Беларуста (0,6% га) жана Казакстанда (0,2%га) баалардын төмөндөшү белгиленген.

Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Айыл чарба продукциясынын өндүрүүчүлөрүнүн баалары" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.