Жаңылыктар

01.01.1970 (Обновлено: 12.07.2022 11:42)

ЕАЭБде айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн бааларынын индекси 2022-жылдын май айында 99,3% түздү

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн бааларынын ЕАЭБ боюнча индекси май айында 2022-жылдын апрель айына салыштырмалуу 99,3%, ал эми 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу 104,4% түздү.
Май айында 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу баалардын ЕАЭБ боюнча деңгээлден көбүрөөк өсүшү Беларуста (10,9%га), Арменияда (5,9%га), Казакстанда (5,8%га) жана Кыргызстанда (5,3%га) катталган.

Май айында 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукциясынын өндүрүүчүлөрүнүн бааларынын эң көп өсүшү Беларуста (12,2%га), Кыргызстанда (11,6%га) жана Казакстанда (7,0%га) катталган. Аталган мезгилдин ичинде мал чарба продукциясынын өндүрүүчүлөрүнүн бааларынын эң көп өсүшү Беларуста (10,6%га), Арменияда (8,2%га), ал эми төмөндөшү Кыргызстанда (1,9%га) катталган.

Кененирээк статистикалык маалымат статистика департаментинин баракчасында "Айыл чарба продукциясынын өндүрүүчүлөрүнүн баалары" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.