Жаңылыктар

26.01.2023 (Обновлено: 31.01.2023 10:57)

2022-жылы ЕАЭБде инфляция 12,9%ды түздү

Евразия экономикалык бирлиги боюнча товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индекси 2022-жылдын декабрь айында 2022-жылдын ноябрына салыштырмалуу 100,8%, ал эми 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу – 112,9% түздү.

2022-жылы азык-түлүк эмес баалар баарынан көбүрөөк өстү (13,3% га). Бул мезгилдин ичинде азык-түлүк товарларына баалар 12,2%, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө - 12,9% жогорулаган.

Азык-түлүк товарларына баалардын ЕАЭБ боюнча деңгээлден көбүрөөк өсүшү Казакстанда (25,3%га), Кыргызстанда (17,1%га) жана Беларуста (13,8%га) катталган. Азык-түлүк эмес товарларга баалардын эң көп өсүшү Казакстанда (19,4%га) жана Беларуста (13,7%га), акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө баалар – Казакстанда (14,1%га) жана Россияда (13,2%га) байкалган.

Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Керектөө бааларынын индекси жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.