Жаңылыктар

20.09.2022 (Обновлено: 26.09.2022 16:36)

2022-жылдын августунда ЕАЭБде инфляция 10,8%га өстү

ЕАЭБде 2022-жылдын августунда керектөө бааларынын индекси 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу 110,8%ды, ал эми 2022-жылдын июль айына салыштырмалуу – 99,8%ды түздү.
2022-жылдын август айында 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу ЕАЭБ боюнча азык-түлүк эмес товарларга (12,3%га) жана азык-түлүк товарларына (10,4%га) баалардын олуттуу өсүшү байкалган. Аталган мезгилдин ичинде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө баалар 9%га өскөн.

Азык-түлүк товарларына баалардын ЕАЭБ боюнча деңгээлден көбүрөөк өсүшү Казакстанда (18%га), Кыргызстанда (13,4%га) жана Беларуста (12,7%га) катталган. Азык-түлүк эмес товарларга баалардын эң көп өсүшү Беларуста (18,2%га) жана Россияда (12,4%га), акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө баалар – Беларуста (9,9%га) жана Россияда (9,3%га) байкалган.

Кененирээк статистикалык маалымат статистика департаментинин баракчасында "Керектөө бааларынын индекси жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.