Иран ЕАЭБге караштуу байкоочу-мамлекет статусун алууга кызыкдар

Иран Ислам Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине караштуу байкоочу-мамлекет статусун алуу жөнүндө талабы Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында каралды.

Бул маселе боюнча консультациялар 2024-жылдын 19-августунда интеграция жана макроэкономика боюнча министр Сергей Глазьевдин төрагалыгы астында видеоконференция форматында өткөрүлдү. ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде катышышты. Ирандык делегацияны Тышкы иштер министрлигинин Көп тараптуу экономикалык кызматташтык департаментинин башкы директору Сейед Джалаладдин Алави Сабзевари жетектеди.

Консультациялардын катышуучулары ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин жана Иран Ислам Республикасынын соода-экономикалык кызматташтыгынын ырааттуу өнүгүүсүн белгилешти жана ЕАЭБге караштуу байкоочу-мамлекеттин статусу жөнүндө жобого ылайык ЕАЭБге караштуу байкоочу-мамлекеттин статусун алуу жол-жобосун демилгелөөгө өлкөнүн ниетин кубатташты.

Чет өлкөлүк өнөктөшкө мындай статусту берүү жөнүндө чечим Бирликтин мүчө мамлекеттеринин башчылары тарабынан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда кабыл алынат.