Жаңылыктар

24.01.2022 (Обновлено: 02.02.2022 17:09)

ЕЭК Кеңешинин 21-январдагы отурумунун жыйынтыктары

21-январда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Арзыбек Орозбекович Кожошевдин төрагалыгы астында ЕЭК Кеңешинин үстүбүздөгү жылдагы алгачкы отуруму өткөрүлдү. Эске сала кетсек, Кыргызстан 2022-жылы ЕАЭБ органдарында төрагалык кылат.

Ошондой эле, ЕЭК Кеңешинин отурумунда Казакстан Республикасынын атынан Премьер-министрдин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов алгачкы жолу катышты. Ал Комиссиянын Кеңешинде өзүнүн өлкөсүнүн өкүлү болмокчу.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2021-жылдын февралында күчүнө кирген, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына алып келинген товарларды көзөмөлдөө механизми жөнүндө макулдашуунун иштеп баштоосу үчүн зарыл болгон чечимдерди кабыл алды.https://eec.eaeunion.org/news/v-eaes-s-1-iyulya-2022-goda-budet-zapushchen-pilotnyy-proekt-po-vnedreniyu-mekhanizma-proslezhivaemo/

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында ветеринардык дары-дармек каражаттарынын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу эрежелерин бекитти.https://eec.eaeunion.org/news/v-eaes-ustanovleny-edinye-protsedury-registratsii-veterinarnykh-lekarstv/

ЕЭК Кеңешинин чечими менен ЕАЭБдин бажы чек арасында жана аймагында ветеринардык контроль (көзөмөл) жүргүзүүнүн бирдиктүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилди.

Беларусь Республикасынын аймагына химиялык булаларды жана жиптерди өндүрүү үчүн алып келинген титан оксиддерин жылына 360 тоннадан ашык эмес көлөмдө, 2023-жылдын 31-декабрына чейин алып келүү бажы алымынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Аталган тарифтик жеңилдик импорттоолуучу товарларды алып келүүнүн максаты тастыкталган учурда колдонулат.

Комиссияга Евразия экономикалык бирлигинде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу жөнүндө маселени Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кароосуна чыгаруу тапшырылды. Комиссия бул багытта активдүү иштөөнү улантууда.

ЕЭК Кеңеши Комиссиянын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси блогунун Евразия экономикалык форумдарынын көргөзмө бөлүктөрүнүн алкагында улуттук сапат конкурстарын өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталган, ЕАЭБ мамлекеттеринин мыкты товарларын презентациялоо мүмкүнчүлүгү үчүн укуктук негиздерди белгилеген демилгесин колдоду.

Кыргыз Республикасынын сунушу боюнча Евразия экономикалык форуму өткөрүлмөкчү. Форум ЕАЭБ органдарында төрагалык кылган мамлекетте өткөрүлөт. Иш-чара Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2022-жылдын 27-майында Бишкекте бетме-бет форматта өткөрүү пландаштырылган кезектеги отурумуна учурлаштырылган.

Иш-чараны өткөрүүнүн максаттары – мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү, чарба жүргүзүүчү субъектилердин ортосунда кооперациялык байланыштарды түзүү жана мүчө мамлекеттердин инвестициялык жана инновациялык потенциалдарын бириктирүүдөн синергетикалык натыйжага жетишүү, алардын экспорттук потенциалын ачуу.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 24-25-февралда Казакстандын Нур-Султан шаарында бетме-бет форматта өткөрүү пландаштырылган отурумунун күн тартиби бекитилди.

ЕЭК Кеңешинин кийинки отуруму 18-февралда өткөрүлмөкчү.