28-29-майда Астанада, EXPO ишкердик комплексинин аймагындагы Конгресс-борборунун аянтчасында Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин жана байкоочу мамлекеттердин башчыларынын катышуусундагы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумуна карата уюштурулган V Евразия экономикалык форуму (ЕЭФ-2026) өттү.
Иш-чара 2026-жылы Евразия экономикалык бирлигинин органдарында Казакстан Республикасынын төрагалык кылуусунун алкагында өткөрүлдү.
Форумдун ишине дүйнөнүн 44 өлкөсүнөн 3 миңге жакын адам катышты.
ЕЭФ-2026 архитектурасы төрт тематикалык блокко бириктирилген 30га жакын иш-чараны камтыды: "ЕАЭБ рыногун өнүктүрүүнү трансформациялоо", "Евразиялык айкалышуу", "ЕАЭБ+" жана "Форумдун алкагындагы иш-чаралар".
Пленардык отурум
V Евразия экономикалык форумунун негизги иш-чарасы – "Глобалдык санариптик жарыштагы ЕАЭБ: жасалма интеллектке коюм" пленардык отуруму.
Иш-чаранын негизги спикерлери катары Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин башчылары: Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, ошондой эле Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев чыгып сүйлөштү.
Пленардык отурумдун ишине ардактуу меймандар – Куба Республикасынын вице-президенти Сальвадор Вальдес Меса, Вьетнам Социалисттик Республикасынын Премьер-министринин орун басары Хо Куок Зунг, Монголиянын Премьер-министринин орун басары Нямтайширын Номтойбаяр, Иран Ислам Республикасынын өнөр жай, кендер жана соода министри Мохаммад Атабак жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы соода боюнча мамлекеттик министри Тани бин Ахмед Аль Зейуди катышты.
Макулдашуулар жана меморандумдар
15 макулдашууга, меморандумга, кызматташтык программасына жана келишимге кол коюлду. Алардын катарында Евразия экономикалык комиссиясынын жана Куба Республикасынын Өкмөтүнүн 2026–2030-жылдарга биргелешкен иш-чаралар планы, 2018-жылдын 27-ноябрындагы Евразия экономикалык комиссиясы менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча 2026–2030-жылдарга иш-чаралар планы, Евразия экономикалык комиссиясы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум, ВЭБ.РФ менен Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин ортосундагы Кызматташтык жана маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу, 2021-жылдын 22-июлундагы Евразия экономикалык комиссиясы менен Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө протокол, "Перспективалуу технологияларды өнүктүрүү борбору" ЖЧКсы менен "Беларусь мамлекеттик стандартташтыруу жана сертификациялоо институту" ИӨРУИсинин ортосундагы Макулдашуу, "Alatex" тармактар аралык ассоциациясы" ЮЖБсы менен "Курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдүн жана курулуш индустриясынын улуттук бирикмеси" Ассоциациясынын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө меморандум, "TransExpeditions" ЖЧКсы менен "РТЛ" ЖЧКсынын ортосундагы Кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандум, Евразия экономикалык комиссиясынын жана Беларусь Улуттук илимдер академиясынын Информатика маселелеринин бириккен институтунун 2026-2027-жылдарга жасалма интеллект жаатындагы Кызматташтык программасы, Евразия экономикалык комиссиясынын жана "Улуттук маалыматтык технологиялар" Акционердик коомунун 2026-жылга Кызматташтык программасы, "Доктрина" илимди жана маданиятты өнүктүрүү фонду менен "Казбаза" ЖЧКсынын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө келишим, "Казбаза" ЖЧКсы менен "Южмаш" ЖЧКсынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум, "Казбаза" ЖЧКсы менен "Южмаш" ЖЧКсынын ортосундагы Сатып алуу-сатуу келишими, "B.T.B. Trade" ЖЧКсы менен "Южмаш" ЖЧКсынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум, "Южмаш" ЖЧКсы менен "B.T.B. Trade" ЖЧКсынын ортосундагы Сатып алуу-сатуу келишими.
Маалыматтык өнөктөштөр
V Евразия экономикалык форумуна 14 өлкөдөн 300дөн ашуун журналист катышты.
Беш өлкөдөн 24 жалпыга маалымдоо каражаты Евразия экономикалык форумунун маалыматтык өнөктөшү болду.
Армения Республикасынын ЖМКлары: "Арменпресс" маалымат агенттиги, Alphanews.am маалымат агенттиги, Verelq маалыматтык-аналитикалык борбору, "АрмИнфо" маалыматтык компаниясы, 24 NEWS.AM маалымат агенттиги.
Беларусь Республикасынын ЖМКлары: "БелТА" маалымат агенттиги, Беларусь Республикасынын Улуттук мамлекеттик телерадиокомпаниясы.
Казакстан Республикасынын ЖМКлары: Jibek Joly телеканалы, "Хабар" телеканалы, "Qazaqstan" Ұлттық телеарнасы ("Казакстан" улуттук телеканалы), "Казинформ" маалымат агенттиги, Inbusiness.kz маалымат агенттиги, "Деловой Казахстан" маалымат агенттиги, Atameken Business телеканалы, "Капитал" ишкер маалымат борбору, Казак Радиолары (Казак радиосу).
Кыргыз Республикасынын ЖМКлары: Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттиги, "Кыргыз Туусу" маалыматтык басма үйү, "Номад ТВ" телеканалы.
Россия Федерациясынын ЖМКлары: ТАСС маалымат агенттиги, Sputnik (Казакстан) маалымат агенттиги жана радиосу, "Евразия сегодня" маалыматтык-аналитикалык порталы.
Эл аралык ЖМКлар: "МИР" эл аралык телерадиокомпаниясы.