Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары
02.10.2026

2-октябрда Минск шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өттү.

Жыйынга Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян (видеобайланыш аркылуу), Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.


Байкоочу мамлекеттерден – Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, Иран Ислам Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мохсен Омидзамани, Куба Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Энрике Орта Гонсалес катышты.

Евразия экономикалык интеграциясынын 15 маанилүү маселеси каралды. 

Булар, баарынан мурда, соода, бажылык башкаруу, транспорттук инфраструктура, өнөр жай кызматташтыгы, жалпы энергетикалык рынокторду калыптандыруу жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү.

Бүгүн өкмөт башчылары «Чыгыш — Батыш» жана «Түндүк — Түштүк» багыттары боюнча транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин карашты. Анын ичинде «Бир алкак — бир жол» кытай демилгеси менен айкалышта.

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин деңиз өткөрүү пункттарында электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү боюнча маалымат берилди. 

ЕӨАК Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорунун тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизди. Россия Федерациясынын демилгеси менен тизмеге разъезддерди жана байланыш тармагын куруу менен «Невель – Дно – Луга – Гатчина» темир жол тилкесин өнүктүрүү долбоору киргизилди.

Ошондой эле Өкмөттөр аралык кеңеш жалпы электр энергетикалык рынокту калыптандыруу боюнча чечимдердин топтомун жактырды.

Мындан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкаруучу директору Ярослав Мандрон Минск шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында ЕЭК менен ЕТӨФтүн ортосундагы Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны ушул жылдын декабрь айында Москвада өтөт.

Скачать исходники фотографий