25-январда Москвада Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун төрагалыгы астында ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнүн жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин отуруму көздөшүү форматында болуп өттү.
2023-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБдин органдарында – Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде Россия Федерациясы бир жыл бою төрагалык кылмакчы.
ЕЭК Кеңеши, аларды аткарууда товар ЕАЭБде өндүрүлгөн деп эсептелген жана Бирликтин мамлекеттеринде дагы 55 товардык позиция боюнча мамлекеттик сатып алууларга жол берилиши мүмкүн болгон өндүрүш шарттарын бекитти. Тиешелүү өзгөртүүлөр Мамлекеттик сатып алуулар максатында товарлардын айрым түрлөрүнүн келип чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелерине № 1 тиркемеге киргизилген. Мындай товарлардын катарына аэродромдук сүйрөгүчтөр, 3д-принтерлер, микрофондор, үн күчөткүчтөр, телефондор, үн орнотмолору, эсептөөчү машиналардын түзүлмөлөрүнүн жана кубат булактарынын схемалары, сканерлер, биометрикалык топтомдор, светодиоддор, була-оптикалык кабелдер, дем алуу аппараттары жана башка товарлар кирди. Киргизилген өзгөртүүлөр беш тармакка: станок куруу, атайын машина куруу, медициналык буюмдарды өндүрүү, музыкалык аспаптар, ошондой эле үн жабдуулары, электроника жана радиоэлектроникага тиешелүү болду.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши туш кагаздарын өндүрүү үчүн пластификацияланган поливинилхлоридге карата алып келүү бажы алымынын ченин убактылуу нөлгө түшүрүү жөнүндө чечим кабыл алды – 2024-жылдын 29-февралына чейин кошо алганда. Бул товарга ЕАЭБдин ББТнын колдонуудагы чени 6,5%ды түзөт.
ЕАЭБдин карантиндик объекттеринин тизмеси зыяндуу организмдин жаңы түрү менен толукталып, үрөн жана көчөт материалдары ушул карантиндик объекттен эркин болушу керектиги жөнүндө талап белгиленди.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Шайкештикти баалоонун типтүү схемаларына өзгөртүүлөрдү бекитти. ЕЭК Кеңешинин чечими бул чөйрөдө уюштуруу-тескөө мүнөзүндөгү жакшыртуулар үчүн шарттарды түзөт. Алар юридикалык жактын аталышы же жеке ишкердин фамилиясы жана инициалдары өзгөргөндө, ошондой эле продукция өндүрүлгөн жердин дарегинин айрым реквизиттери өзгөргөндө (кеп, мисалы, шаардын, көчөнүн атын өзгөртүү, почта индексин, үйдүн номерин өзгөртүү жөнүндө) өндүрүштүн иш жүзүндөгү орду өзгөрүлбөгөн шартта, Бирликтин шайкештигин баалоо жөнүндө документтерге (сертификаттарга жана декларацияларга) түзөтүүлөрдү ыкчам киргизүүгө мүмкүндүк берет. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн иштеп жаткан чарба субъекттеринин ишин жеңилдетет.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун катышуучулары агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдорун жана 2023-жылга айрым айыл чарба товарлары боюнча суроо-талаптын жана сунуштун биргелешкен индикативдик баланстарын жактырышты.
Отурумдун жүрүшүндө Комиссиянын ЕАЭБ мамлекеттериндеги макроэкономикалык кырдаал жөнүндө баяндамасы жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштары жактырылды. Ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жакынкы отурумунда сунушталат.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун күн тартибинин долбоору жактырылды, ал 2023-жылдын 2-3-февралында Алматы шаарында өтөт, Казакстан Республикасы.