29-майда Астанада Жогорку Евразия экономикалык кеңештин отуруму болуп өттү.
Отурумга Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн башчылары – Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, ошондой эле Армения Республикасынын Вице-премьери Мгер Григорян жана Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышышты.
ЕАЭБ алдындагы байкоочу мамлекеттер тарабынан – Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Куба Республикасынын Вице-президенти Сальвадор Вальдес Меса, Иран Ислам Республикасынын өнөр жай, кендер жана соода министри Сейед Мохаммад Атабак катышышты.
2025-жылы ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн Негизги багыттарын ишке ашыруу талкууланды.
Табигый монополияларды жөнгө салуу чөйрөсүндө 2025-жылдын жыйынтыктары чыгарылды.
ЕАЭБде кызмат көрсөтүүлөрдү либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу жөнүндө баяндама бекитилди.
ЖЕЭК ЕЭКтин баяндамасын жана үрөнчүлүктү унификациялоонун мындан аркы багыттарын жактырды.