ЕАЭБ Фармакопеясын түзүү боюнча методикалык колдонмолор басылып чыкты

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин Фармакопеясын түзүү боюнча методикалык колдонмолорду жана дарылардын сапатын көзөмөлдөө боюнча башка документтерди басып чыгарууну даярдады.

Колдонмолор Евразия экономикалык бирлигинин Фармакопеялык комитети тарабынан мүчө мамлекеттердин фармакопеяларын шайкеш келтирүү Концепциясынын алкагында иштелип чыгып, ЕАЭБдин Фармакопеясын иштеп чыгуунун моделин жана принциптерин аныктайт.

Чыгарылган документтер Бирликтин Фармакопеясынын фармакопеялык беренелерин иштеп чыгууга карата бирдиктүү мамилелерди камсыздоого мүмкүндүк берет, ошондой эле Комиссиянын актыларында каралган дарыларга спецификациялардын тексттерин жана сапат боюнча ченемдик документтерди даярдоо жана баяндоо боюнча практикалык сунуштамаларды берет.

Электрондук түрдө китеп Комиссиянын сайтында жайгаштырылган.

Басылма ЕАЭБ өлкөлөрүнүн дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жана уюмдарынын кызматкерлери, фармацевтикалык ишканалардын кызматкерлери жана химия-фармацевтикалык багыт боюнча жогорку окуу жайлардын угуучулары үчүн арналган.