Бирликтин "Төмөн вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программа өзгөртүлдү

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын чечими менен 18-июнда Бажы бирлигинин "Төмөн вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө "Техникалык регламентине (БС ТР 004/2011) карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программага айрым өзгөртүүлөр киргизилди.

Программа Эл аралык электротехникалык комиссиянын стандарттарынын актуалдуу версияларынын негизинде үзгүлтүксүз энергия менен жабдуу тутумуна (UPS) жана төмөнкү вольттуу бөлүштүрүү жана башкаруу аппаратурасына беш жаңы мамлекеттер аралык стандарт менен толукталган. Иштеп чыгуучу болуп Россия Федерациясы аныкталган.

Ошондой эле мурда Программага киргизилген, жооптуу иштеп чыгуучулары Беларусь Республикасы жана Россия Федерациясы болгон бир катар мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу мөөнөтү өзгөртүлдү.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.