Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарын каттоо жана экспертиза өткөрүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү кабыл алды.
Өзгөртүүлөр 2025-жылдын 31-декабрына чейин мурда билдирилбеген таануу мамлекеттерин кошуу бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосуна арыз берген өндүрүүчүлөр үчүн ЕЭК Кеңешинин 2025-жылдын 22-майындагы № 34 Чечими менен оптимизацияланган каттоо досьелерин ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүү жол-жоболорунун жоболорун колдонууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бул өлкөлөрдө улуттук каттоо күбөлүктөрүнүн жарактуулугун жол-жоболорду жүргүзүү мөөнөтүнө узартуу камсыз кылынат, бирок 2027-жылдын 31-декабрынан ашык эмес.
"Бул өзгөртүүлөр Бирликтин дары-дармектер жалпы рыногуна өтүү мезгилинин алкагында ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүү жол-жоболорун өткөрүү мөөнөттөрүн оптималдаштырууга багытталган", — деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий.