Жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясын толтуруу эрежелери өзгөртүлдү

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө алымсыз ташып келүү ченемдеринен ашкан, жеке пайдалануу үчүн товарларды ташып келүү учурлары үчүн жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясын толтуруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди. 

Наркы, салмагы жана (же) саны бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн ташып келүүнүн ченемдеринен ашкан жеке пайдалануу үчүн товарларды декларациялоону жүзөгө ашырууда, жүргүнчүлөрдүн декларациясында жеке жак алып келген бардык товарлар жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү керектиги (буга чейин колдонулган, саякатка өзү менен кошо алынган буюмдарды кошпогондо) каралат. 

Мындай мамиле алымсыз ташып келүү ченемдерине туура келген товарларды бөлүп көрсөтүү үчүн максималдуу тактыкты камсыз кылууга жана төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүн эсептөөдө аларды эске албоого мүмкүндүк берет.