Жаңылыктар

29.04.2022 (Обновлено: 03.06.2022 15:23)

ЕАЭБдеги учак куруудагы кызматташтыкка Россиянын Ульяновск областы кошулууда

Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай блогу жана Ульяновск областынын администрациясы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында учак куруудагы кызматташтыкты жана кооперацияны өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштин планын аныкташты. Бул тууралуу Ташкентте өткөрүлгөн "ИННОПРОМ. Борбордук Азия" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян жана Ульяновск областынын губернатору Алексей Русских келишишти.

"Ульяновск областынын катышуусу менен учак куруудагы кызматташтыкты активдештирүү боюнча сунуш биздин биргелешкен ишке олуттуу салым болуп саналат. Биз ЕАЭБде түзүлүп жаткан авиация өнөр жайындагы кооперациялык чынжырлардын катышуучуларынын санынын кеңейишин колдойбуз, – деди Артак Камалян. – Ульяновск областынын демилгелерин Бирликтин ыйгарым укуктуу органдары жана бизнеси катышкан Өнөр жай боюнча консультативдик комитетине караштуу профилдик эксперттик топтун отурумунда кароону сунуш кылам".
ЕЭК министри ЕАЭБ мейкиндигинде жарандык авиация чөйрөсүндөгү өнөр жай кызматташтыгын активдештирүү боюнча акыркы бир нече жылдын ичинде жүргүзүлгөн иш жөнүндө, 2022–2023-жылдарга карата жол картасын аткаруунун алкагында ишти улантуу пландары жана аталган ишке учак өндүрүүчү ишканаларды тартуу тартиби жөнүндө билдирди.
Россиянын регионунун башчысы, өз кезегинде, региондун ишканаларынын жарандык авиатехника өндүрүү жаатындагы ишиндеги мүмкүнчүлүктөр жана учурдагы жагдай жөнүндө, атап айтканда, Ростех мамлекеттик корпорациясынын БАКнын транспорттук авиация дивизионуна кирген "ИЛ"-Авиастар" КАК филиалынын негизинде Ил-76МД-90А учактарын өндүрүү көлөмдөрүн көбөйтүү боюнча пландар, ошондой эле Порттук өзгөчө экономикалык аймактын артыкчылыктары тууралуу айтып берди.

"Биз Ульяновск областында жайгашкан Порттук өзгөчө экономикалык аймактын территориясында жана кубаттуулуктарында Аба кемелерин техникалык жактан тейлөө борборун түзүүнү сунуш кылабыз. Бул борбордо каалаган учактар, жадагалса чет өлкөдө жана, албетте, ЕАЭБ өлкөлөрүндө өндүрүлгөн учактар тейлене алат", – деди губернатор.
Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Артак Камалян жана Алексей Русских ЕАЭБдин алкагында авиация өнөр жайы боюнча кызматташтыктын деталдуу планын иштеп чыгып, биргелешкен ишти тутумдук негизге коюу жөнүндө келишишти.

Маалымат

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши 2020-жылдын декабрында ЕАЭБ мамлекеттеринин учак куруу тармагындагы өнөр жай кооперациясын кеңейтүү жана өнөр жайдын жогорку технологиялык тармактарында, анын ичинде авиация өнөр жайында импортту алмаштыруу боюнча комиссияны түзүү милдетин койгон. Бул иштин максаты – учак куруудагы кызматташтыкты кеңейтүү, жаңы кооперациялык чынжырларды издөө, Бирликтин аймагында кошулган нарк чынжырларын түзүү.