Касым-Жомарт Токаев жана Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы ЕЭКтин ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө баяндаманы укту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Ошондой эле Касым-Жомарт Токаевге 26-декабрда Санкт-Петербургда өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги отурумуна даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат берилди.