ЕЭК министри белгилеп өткөндөй, 2025-жылы ИДӨнүн өсүшүнүн жогорку темпи Арменияда – 6%, Казакстанда – 6,3% жана Кыргызстанда – 10%да сакталууда. Беларуста жана Россияда өсүш бир аз жайлаган. Ошону менен бирге өлкөлөрдөгү өндүрүштүк кубаттуулуктарды жүктөө жана өз ара сооданын көлөмү өткөн жылдын деңгээлинде калууда.
"Мүчө мамлекеттердин көпчүлүк макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн динамикасы оң бойдон калууда: өсүштүн жогорку темпи экономиканын ички суроо-талапка багытталган тармактарында – чекене соодада жана курулушта сакталууда. Көпчүлүк өлкөлөрдө жумушсуздук – тарыхый төмөн деңгээлде", – деди ЕЭК министри.Ошондой эле Данияр Иманалиев дүйнөлүк экономикада карыздын туруктуулугу проблемаларынын курчушунун фонунда мүчө мамлекеттерде мамлекеттик башкаруу секторунун жана жеке сектордун карызынын салыштырмалуу деңгээлинин төмөндөшү байкалууда деп түшүндүрдү. Тараптар ошондой эле өз ара соода жана инвестиция көлөмүн көбөйтүү маселесин талкуулашты.
Улуттук (борбордук) банктар тарабынан инфляцияга каршы күрөшүү үчүн акча-кредит саясаты жаатында кабыл алынган чечимдерди эске алуу менен ЕЭКтин Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Алексей Ведев реалдуу пайыздык чендердин ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык өсүшүнө тийгизген таасирине серепти сунуштады. Бул тема боюнча акча-кредиттик жөнгө салуу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жигердүү дискуссия болуп өттү. Кеңешменин катышуучулары актуалдуу экономикалык маселелер боюнча мындан аркы консультацияларды өткөрүү зарылдыгын белгилешти.