ЕЭК Коллегиясы парфюмердик-косметикалык продукцияга стандарттардын тизмесин өзгөрттү

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Бажы бирлигинин "Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине карата стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизди.


Стандарттардын тизмеси 20 мамлекеттер аралык стандарттар менен толукталган. Анын ичинде ISO жана EN стандарттарынын беш "эски" версиясы жаңы версиялары менен алмаштырылган. Мындан тышкары, тизмекке 15 стандарт киргизилген, алар мындан ары косметикалык ингредиенттердин токсикологиялык көрсөткүчтөрүн жаныбарларга сыноосуз талдоонун негизинде, парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугун баалоону жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.