Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ши жаңгактарына, шорея жаңгактарына, майлуу жаңгактарга, индиялык гарциния үрөндөрүнө (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1207 99 960 1) жана индиялык мангифера (манго) данектерине жана алардын ядролоруна (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1212 99 950 1) карата бажы алымдарынын ченин бажы наркынан 0% өлчөмүндө 2028-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда белгилөө чечимин кабыл алды.
"Бул чара өнөр жайынын май-тоң май, кондитердик жана косметикалык тармактарында колдонулуучу адистештирилген майларды, стеариндерди, какао майынын эквиваленттерин жана алмаштыруучуларын өндүрүү менен алектенген экзотикалык чийки затты кайра иштетүүчү ишканаларды колдоого багытталган", – деп белгиледи ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.