Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин "Балыктын жана балык продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине стандарттардын актуалдаштырылган тизмектерин бекитти.
Аларды ыктыярдуу негизде колдонуунун натыйжасында техникалык регламенттин аткарылышы камсыз кылынган стандарттардын тизмегинде – 139 документ (алардын 29 жаңы). Техникалык регламенттин талаптарын колдонуу жана аткаруу үчүн зарыл болгон изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн эрежелерин жана ыкмаларын, анын ичинде үлгүлөрдү тандоо эрежелерин камтыган стандарттардын тизмегинде – 141 документ (43 жаңы).
Тизмекке алгачкы ирет киргизилген стандарттарды жана усулдарды эске алуу менен сыноо лабораторияларын өз убагында аккредиттөө максатында, ЕЭК Коллегиясынын чечими расмий түрдө жарыялангандан күндөн тарта 180 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи.
Мындан сырткары, ЕЭК Коллегиясы "Жеке коргонуу каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" стандарттардын тизмектерине айрым өзгөртүүлөрдү киргизди. Атап айтканда, ГОСТ 12.4.310-2016 "Эмгек коопсуздугунун стандарттарынын тутуму. Жумушчуларды мунай жана мунай өнүмдөрүнүн таасиринен коргоо үчүн атайын кийимдер. Техникалык талаптар" мамлекеттер аралык стандарты анын жаңыланган версиясына алмаштырылды – ГОСТ 12.4.310-2020. Бул документ аракетке киргизилди.
Стандарттардын тизмектери эксперттердин жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда Бирликтин өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен биргеликте ЕЭК тарабынан иштелип чыккан жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде иштелип чыккан жана аракетке киргизилген мамлекеттер аралык стандарттардын жаңы версияларын эске алат.