ЕЭК Коллегиясы феррониобийге карата ташып келүү бажы алымдарын нөлгө түшүрдү
20.01.2026
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы феррониобийге (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 7202 93 000 0) карата ташып келүү бажы алымынын ченин 2028-жылдын 29-февралына чейин (кошо алганда) мөөнөткө бажы наркынан 0% өлчөмүндө белгилөө жөнүндө чечим кабыл алды.

"Аталган ферроэритме атайын максаттагы жогорку сапаттуу болотторду өндүрүүдө кеңири колдонулат жана өтө таңкыс чийки зат болуп саналат. Бажы-тарифтик жөнгө салуунун жактырылган чарасы ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатып жана Евразия экономикалык бирлигиндеги металл прокат өндүрүүчүлөрдүн кубаттуулуктарынын жүктөлүшүн арттырып, ички рыноктогу чийки заттын болгон таңкыстыгын азайтууга мүмкүндүк берет", – деп баса белгиледи ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.

Ал феррониобий ысыкка чыдамдуу жана дат баспас болотторго кошулганда, ийкемдүүлүктү жана коррозияга туруктуулукту жогорулатууга шарт түзөрүн түшүндүрдү. Ал эми аны конструкциялык болотторго кошуу ширелүүчүлүктү жакшыртат, бекемдикти күчөтөт, ошондой эле ийкемдүүлүктү жогорулатат.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.

 

ЕЭК Коллегиясынын 2023-жылдын 14-ноябрындагы № 156 чечимине ылайык, 2023-жылдын 20-декабрынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин феррониобийге карата бажы наркынан 0% өлчөмүндөгү ташып келүү бажы алымынын убактылуу чени буга чейин колдонулуп келген.



Скачать исходники фотографий