Жаңылыктар

01.01.1970 (Обновлено: 08.11.2022 10:39)

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ өклөлөрүндө ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу атаандаштык чөйрөсүн түзүү боюнча сунуштарды талкуулады

ЕЭК Коллегиясы атаандаштык блогу тарабынан даярдалган, ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнестин потенциалын ачуу үчүн жагымдуу атаандаштык чөйрөсүн түзүү боюнча сунуштар жөнүндө баяндаманы карап чыкты. Мындай баяндаманы иштеп чыгуу 2025-жылга чейин Интеграциялык өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планында каралган.
Документ Комиссиянын, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын жана соода-өнөр жай палаталарынын биргелешкен ишинин жыйынтыгы болду. Баяндамада Бирлик мамлекеттеринин мамлекеттик колдоо механизмдерин, жагымдуу атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүү инструменттерин колдонуу жагында тажрыйбасын талдоо, ошондой эле ишкердик субъекттерин чакан жана орто бизнеске киргизүү критерийлерин аныктоо камтылды. Ошондой эле баяндамада атаандаштыкты өнүктүрүүдө чакан жана орто ишкердиктин (ЧОИ) ролун жогорулатуу боюнча эл аралык тажрыйба, бир катар чет өлкөлөрдө ЧОИ субъекттерин колдоо институттары жана формалары изилденген. ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахат Султановдун сөзү боюнча, эл аралык тажрыйбаны талдоо чакан жана орто ишканаларды финансылык колдоонун натыйжалуу эместигин көрсөттү. "Каржылоо менен гана эле натыйжалуу, жашоого жөндөмдүү бизнести курууга кепилдик берилбейт. Талап кылынган ишкердик демилгелерди өнүктүрүүнү камсыздаган жөнгө салууну жана инфраструктураны түзүү маанилүү", – деди ЕЭК министри.

Баяндаманын алкагында жагымдуу атаандаштык чөйрөсүн түзүү боюнча иштелип чыккан сунуштар алты ири блоктордон турат. Бул бизнеске багытталган институционалдык жана ченемдик базаны түзүү, баяндаманын авторлорунун пикири боюнча, өнөр жай жана инновациялык кластерлер катары түзүлүшү мүмкүн болгон инфраструктураны өнүктүрүү, каржылоого жеткилик, кесиптик билим жана инновациялык активдер боюнча сунуштар.

Бахыт Султанов чакан бизнес субъекттерин наркты кошуунун глобалдуу чынжырчасына интеграциялоонун маанилүүлүгүн өзүнчө белгиледи. Анын айтымында, ири компаниялар менен чакан ишканалардын ортосунда, анын ичинде өнөр жай жана инновациялык кластерлерди, ошондой эле санариптештирүү мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен бүтүм түзүү тутумун киргизүүгө көмөк көрсөтүү зарыл.

Башка сунуштардын катарында ЧОИни колдоонун буга чейин киргизилген чараларынын натыйжалуулугун мониторингдөө зарылдыгы белгиленди, бул алардын натыйжалуулугуна ынанууга жана зарыл болгон учурда багытты өзгөртүүгө мүмкүндүк берет.

Баяндама сунуштама мүнөзгө ээ жана Бирликтин мамлекеттери тарабынан ЧОИни колдоо боюнча чаралар жөнүндө, анын ичинде институционалдык мүнөздөгү маалыматтарды системалаштырган документ катары колдонулушу мүмкүн.