ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн 2026-жылга карата негизги багыттарынын долбоорун жактырды
09.10.2025

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин 2026-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын долбоорун жактырды.

Документ Бирликтин келерки жылга тышкы өз ара иштешүүсүнүн негизги артыкчылыктарын, багыттарын жана практикалык милдеттерин аныктайт. Эл аралык ишмердүүлүктүн актуалдуу артыкчылыктары жана жаңы драйверлери Евразия экономикалык бирлигинин алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясында белгиленген — ЕАЭБдин эл аралык аренада экономикалык тартылуунун уюлу катары иштешин камсыз кылуу стратегиялык милдеттерин ишке ашырууга багытталган.

Долбоордо Бирликтин эл аралык күн тартибинин бүткүл спектри чагылдырылган, ал жылдан жылга ырааттуу кеңейтилет. Интеграциялык бирикмелер жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты кеңейтүүгө, үчүнчү өлкөлөр менен диалогду өнүктүрүүгө, ошондой эле глобалдык экономикалык аянтчаларда ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин кызыкчылыктарын илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

2026-жылга ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан бекитилет.