Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 2-июндагы отурумунда фитосанитардык жөнгө салууну өркүндөтүүгө жана бизнеске болгон административдик жүктөмдү азайтууга багытталган ЕЭК Кеңешинин чечимдеринин долбоорлорун жактырды.
"Жактырылган чечимдер эксперттик коомдоштук жана бизнес менен болгон диалогдун натыйжасы болду. Биз үчүн жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоонун зарыл деңгээлин сактоо менен, Евразия экономикалык бирлигинде товарлардын эркин кыймылын камсыз кылуу маанилүү", – деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Александр Субботин.
Чечимдердин бири катары помидордун, калемпирдин жана баклажандын жаңы мөмөлөрү үчүн пепино мозаика вирусунун жоктугу жөнүндө талапты алып салуу сунушталат. ЕЭК Кеңеши чечим кабыл алгандан кийин, бул фитосанитардык коопсуздуктун тиешелүү деңгээлин сактоо менен аталган продукцияны жүгүртүүнү жөнөкөйлөтөт.
Ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда жыгач таңгактоочу жана бекитүүчү материалдарды которууну жөнөкөйлөтүү сунушталат. Аларды алып кирүү жана жылдыруу фитосанитардык сертификатсыз жүзөгө ашырылышы мүмкүн, эгерде зарыл болгон иштетүүдөн, анын ичинде ысытуудан же фумигациядан өткөндүгүн ырастаган атайын маркалоо бар болсо.
Чечимдердин долбоорлору Комиссиянын Кеңешинин кезектеги отурумунда белгиленген тартипте каралат.
Фитосанитардык талаптарды жөнөкөйлөтүү Евразия экономикалык бирлигинин алкагында улуттуктан жогорку жөнгө салууну өркүндөтүү, ашыкча административдик тоскоолдуктарды четтетүү жана жарандар менен бизнес үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча ЕЭКтин системалуу ишинин бир бөлүгү болуп саналат.