ЕЭК Коллегиясы КЭРде өндүрүлгөн болоттон жасалган шынаалуу бекиткичтерге карата демпингге каршы чаранын алкагында кытайлык компаниянын баа милдеттенмелерин токтотту
29.09.2026

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы тийиштүү демпингге каршы чараны колдонуунун алкагында кабыл алынган, болот шынаалуу бекиткичтердин кытайлык өндүрүүчүсү Neway Valve (Suzhou) Co., Ltd компаниясынын баа боюнча милдеттенмелеринин аракетин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

 

Эми аталган компания өндүргөн бардык болот шынаалуу бекиткичтерге карата ал үчүн белгиленген 25,57% өлчөмүндөгү демпингге каршы алым колдонулат.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кытай Эл Республикасынан чыккан болот шынаалуу бекиткичтерге карата демпингге каршы алым ЕЭК Коллегиясынын 2022-жылдын 20-декабрындагы Чечими менен белгиленген жана өндүрүүчүгө жараша бажы наркынын 25,57ден 36,23%ына чейинкисин түзөт. Ошону менен бирге Чечим менен кытайлык өндүрүүчү Neway Valve (Suzhou) Co., Ltd компаниясынын баа боюнча милдеттенмелери жактырылган.