ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев ЕЭК Коллегиясына "бешилтик" өлкөлөрүнүн жарандары болуп саналган жүргүнчүлөрдүн ЕАЭБ алкагында темир жол транспорту менен жүрүүсүнө, ошондой эле Бирлик мамлекеттеринин темир жол транспортун колдонуу менен евразиялык туристтик маршруттарды өнүктүрүүгө таасир этүүчү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө багытталган чаралар жөнүндө сунуш берди.
Документ 2024-2026-жылдарга транспорт саясатынын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча "жол картасын" аткаруунун алкагында даярдалган жана эл аралык темир жол катнашында жүргүнчүлөрдү ташууну өнүктүрүүгө, жүргүнчүлөрдү тейлөө деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле темир жол транспортун ЕАЭБ өлкөлөрүндө туристтик индустрия тутумуна кошууга багытталган.
Сунуштамалар түздөн-түз ташуу процессин, кыймылдуу курамдын сапатын, терминалдык (вокзалдык) тейлөөнү, электрондук билеттөөнү, поезддердин кыймылынын расписаниесин транспорттун башка түрлөрү менен шайкеш келтирүү, ошондой эле темир жол транспортун пайдалануу менен евразиялык туристтик маршруттарды өнүктүрүү боюнча сунуштарды кошкондо, мобилдүүлүк үчүн темир жол транспортун пайдалануучу жүргүнчүлөрдү массалык тейлөө тутумун өркүндөтүүнүн келечектүү багыттарына тиешелүү.
Кийин сунуштамалар темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү ташууларды тездетилген өнүктүрүүгө, анын ичинде жүргүнчүлөрдү тейлөөдө санариптик технологияларды киргизүүнүн, укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүнүн жана темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү ташууну өнүктүрүү бөлүгүндө мүчө мамлекеттердин багыттарынын ырааттуулугун камсыз кылуунун эсебинен көмөк көрсөтөт.