ЕЭК Коллегиясы биргелешип өндүрүлгөн товар үчүн спецификалык субсидияга уруксат берүү критерийинин аракетин узартты

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 16-январда субсидияга уруксат берүү критерийин колдонуу үчүн биргелешип өндүрүлгөн деп таанылган товарды өндүрүүдө Евразия экономикалык бирлигинин кеминде эки өлкөсүнүн катышуусунун зарылдыгы жөнүндө шартты 5 жылга узартты. Бул чечим кооперациялык чынжырчаларды бекемдөөгө өбөлгө түзөт жана ЕАЭБде өнөр жай кызматташтыгын тереңдетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү сактап калат.

Өнөр жай товарларына карата спецификалык субсидияларды ЕЭК менен Бирликтин мамлекеттери тарабынан ыктыярдуу макулдоонун жана Комиссия тарабынан мүчө мамлекеттердин спецификалык субсидияларды берүүсүнө байланыштуу териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашуу 2017-жылы ЕАЭБ рыногунун катышуучуларынын ортосунда өз ара сооданы жана ак ниет атаандаштыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болгон шарттарды камсыз кылуу үчүн кол коюлган.

Макулдашуу күчүнө кирген учурдан тартып, ЕЭКке спецификалык субсидияларды макулдашуу боюнча ыйгарым укуктар берилген, ал эми мүчө мамлекеттер — мамлекеттик колдоого ээ болгон ата мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо үчүн Комиссияга кайрылуу укугуна ээ. Алсак, ЕЭК менен өз аракеттерин макулдашкан мамлекет Бирликтин кайсы болбосун мамлекети тарабынан мындай субсидияны алуучуга карата компенсациялоочу чараларды кийин киргизүү тобокелдигинен камсыздандырылат.

Макулдашууда субсидияларга уруксат берүүнүн 15 критерийи аныкталган, алардын бири мүчө мамлекеттер биргелешип өндүргөн деп таанылган өнөр жай товарына карата субсидия берүү болуп саналат. Товарды биргелешип өндүрүлгөн деп таануунун тартиби Комиссиянын Коллегиясынын 2019-жылдын 11-июнундагы № 93 чечими менен бекитилген жана анын айрым жоболору убактылуу мүнөздө.