ЕЭК Коллегиясы Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстан үчүн өзү жүрүүчү машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө карата кагаз паспортторун бирдиктүү форма боюнча жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн узартты

ЕЭК Коллегиясы Беларусь Республикасынын сунушу боюнча Армения Республикасында, Беларусь Республикасында, Казакстан Республикасында жана Кыргыз Республикасында өзү жүрүүчү машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө карата паспортторду Комиссия тарабынан бекитилген бирдиктүү форма боюнча жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн 2022-жылдын 15-декабрына чейин узартты.
Россия Федерациясы 2022-жылдын 2-ноябрынан тарта бул техникага карата электрондук паспортторду гана жол-жоболоштурууга өтөт. Ошол эле учурда ЕАЭБдин мамлекеттеринен бирдиктүү форма боюнча жол-жоболоштурулган "кагаз" паспорттор менен киргизиле турган техниканы каттоо эсебине 2022-жылдын 15-декабрына чейин тургузууга болот.

Бул чара Бирликте өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун гана жол-жоболоштурууга мүчө мамлекеттердин ар кандай ылдамдыкта өтүүсүн жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

ЕАЭБде өзү жүрүүчү машиналардын электрондук паспортторун жол-жоболоштурууга өтүү ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунда өзү жүрүүчү машиналардын эркин жүгүртүлүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Ошону менен бирге учурда түзүлүп жаткан экономикалык шарттарда жана ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чараларда, анын ичинде макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууда, Комиссиянын Коллегиясынын бул чечимин ишке ашыруу жогоруда аталган техниканын түрлөрүн туруктуу өндүрүүнү колдоого өбөлгө түзөт.