ЕЭК Коллегиясы 2025-жылда ЕАЭБге эттин айрым түрлөрүн жана сүттүн сары суусун алып келүүгө тарифтик квоталарды белгиледи
20.08.2024

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 2025-жылга карата эт азыктарынын жана сүт сарысынын бир катар түрлөрүнө тарифтик квоталарды белгилөө жана бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алды.

"Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге ылайык, ЕЭК үчүнчү өлкөлөрдөн чыккан жана ЕАЭБтин бажы аймагына алынып келинген айыл чарба товарларынын айрым категорияларына карата тарифтик квоталарды аныктайт, мында мүчө мамлекеттердеги алардын керектөөсүнүн жана өндүрүшүнүн баланстары, ошондой эле өлкөлөрдүн Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы милдеттенмелери эске алынат", — деп ЕЭКтин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян эске салып өттү.

Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясы үчүн 2025-жылга карата тарифтик квоталар мамлекеттердин БСУга кирүүсү боюнча протоколдордо белгиленген өлчөмдө белгиленет. Армения Республикасы, Беларусь Республикасы жана Кыргыз Республикасы үчүн тарифтик жеңилдиктер тараптардын сурамдарын эске алуу менен, керектөө менен өндүрүштүн ортосундагы айырмадан ашпаган көлөмдөрдө аныкталат.

Алсак, ири мүйүздүү малдын эти боюнча квоталар Армения Республикасы үчүн – 9,5 миң тоннаны, Казакстан Республикасы үчүн – 21 миң тоннаны, Кыргыз Республикасы үчүн – 5 миң тоннаны жана Россия Федерациясы үчүн – 570 миң тоннаны түзмөкчү. Чочко эти үчүн квоталар төмөнкүдөй көлөмдөрдө бөлүштүрүлөт: Армения Республикасы үчүн 9,4 миң тонна, Беларусь Республикасы үчүн 20 миң тонна жана Кыргыз Республикасы үчүн 2 миң тонна.

Эт жана канаттуулардын эти боюнча квоталар Армения Республикасы үчүн – 35,1 миң тоннаны, Беларусь Республикасы үчүн – 10,9 миң тоннаны, Казакстан Республикасы үчүн – 140 миң тоннаны, Кыргыз Республикасы үчүн – 58 миң тоннаны жана Россия Федерациясы үчүн – 364 миң тоннаны түзөт.

Сүттүн сары суусун алып келүүгө квота Армения Республикасы үчүн 0,7 миң тонна өлчөмүндө жана Россия Федерациясы үчүн 15 миң тонна өлчөмүндө белгиленген.