Жаңылыктар

17.05.2022 (Обновлено: 26.05.2022 10:47)

ЕЭК Коллегиясы алкоголь продукциясына карата техникалык регламентке карата стандарттардын тизмектерин бекитти

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы алкоголь продукциясына карата стандарттардын тизмектерин бекитти. Ыктыярдуу негизде колдонуунун натыйжасында техрегламенттин сакталышы камсыздалган стандарттардын тизмесине 149 стандарт киргизилген (алардын ичинде 63 мамлекеттер аралык стандарттар МАМСТ жана мүчө мамлекеттердин 86 улуттук (мамлекеттик) стандарттары). Ал эми изилдөө эрежелерин жана ыкмаларын, анын ичинде үлгүлөрдү тандоо эрежелерин камтыган стандарттардын тизмесине 680 документ киргизилген.

Стандарттардын тизмектери эксперттердин жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен биргеликте Россия Федерациясынын Финансы министрлиги тарабынан иштелип чыккан.

Коллегиянын чечими ал расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи. Техрегламент 2024-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирерин эске алуу менен, алкоголь продукциясын өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын жана шайкештикти баалоо боюнча органдардын жаңы шарттарда иштөөгө даярданууга, шайкештикти баалоо боюнча документтерди жол-жоболоштурууга жана аккредитациялоо тармагын тактоого болжолу менен 1,5 жыл убактысы болот.