"Интернетте өз үйүңдөгүдөй: укуктарыңды бил, аң-сезимдүү сатып ал" – мындай тема Евразиялык экономикалык комиссия тарабынан Евразия экономикалык бирлигинде 2026-жылы иштөө үчүн артыкчылыктуу катары бекитилди. ЕЭК Коллегиясы 24-декабрдагы отурумда Бирлик өлкөлөрү үчүн тиешелүү сунуштаманы кабыл алды.
Тандалган тема санариптик мейкиндикте керектөөчүлөр менен ишкерлердин өз ара аракеттенүү көйгөйлөрүнө коомчулуктун кошумча көңүлүн бурууга мүмкүндүк берет жана алардын ортосундагы ишенимди бекемдөөгө жардам берет.
2026-жылы ЕАЭБ мамлекеттери жарандардын Интернеттеги укуктары, виртуалдык мейкиндикте өзүн алып жүрүү жана товарларды жана кызматтарды тандоо өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу үчүн маалыматтык жана окутуу иш-чараларын пландаштырды. Алдыдагы иш бардык беш мүчө мамлекеттин жашоочуларын камтыйт.
Комиссия тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун маалыматтары боюнча, Бирлик өлкөлөрүнүн калкынын 95%ы товарларды онлайн-форматта сатып алышат, алардын 80%ы товарларды гана эмес, кызмат көрсөтүүлөрдү да сатып алышат. Ошол эле учурда Интернет-соодадагы алардын укуктарынын бузулушуна байланышкан көйгөй барган сайын курчуп баратат: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ар бир экинчи жашоочусу мындай бузууга кабылган.
2026-жылдын темасы Комиссия тарабынан жүргүзүлгөн коомдук добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бирлик өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча консультативдик комитети тарабынан сунушталды.
Электрондук соодадагы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого карата мүчө мамлекеттердин жалпы мамилелери Комиссиянын Коллегиясынын 2023-жылдын 11-майындагы № 10 сунуштамасында чагылдырылган.