ЕЭК Коллегиясы "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке карата стандарттарга айрым өзгөртүүлөрдү киргизди

Өзгөртүүлөр Россия Федерациясы стандарттардын тизмегине киргизилген, аккумулятордук стартердик батареяга карата улуттук стандартты (ГОСТ Р 53165-2008) жойгондугуна байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын демилгеси боюнча киргизилди жана аталган стандартты анын актуалдуу версиясына (ГОСТ Р 53165-2020) алмаштырууга жиберилди.

Сыноо жүргүзүү лабораторияларын жаңы ГОСТ Р 53165-2020 стандартынын талаптарына аккредиттөө үчүн Комиссиянын Коллегиясынын чечими менен ГОСТ Р 53165-2008 стандартын 2022-жылдын 31-декабрына чейин колдонууга жол берилет.

ЕЭК Коллегиясынын чечими расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат

ГОСТ Р 53165-2008 (МЭК 60095-1:2006) – "Автотрактордук техника үчүн акуумулятордук стартердик коргошун батареялар. Жалпы техникалык шарттар";

ГОСТ Р 53165-2020 (МЭК 60095-1:2018) – Стартердик коргошун-кислоталуу батареялар. 1-бөлүк. Жалпы талаптар жана сыноо ыкмалары".