Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишкердик жигердүүлүктүн динамикасынын өзгөрүүсүн белгилейт

Дал келүүчү жана алдыга кеткен индикаторлорду эсептөөнүн натыйжалары Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө ишкердик жигердүүлүктүн динамикасынын өзгөргөндүгүн тастыктап турат.

Жарыяланган божомолдорго ылайык, Казакстан менен Кыргызстандын экономикалары өсүү фазасында калууда, Россия менен Беларус – басаңдоо фазасына өтүштү. Армения жогорулоо фазасынан ишкердик жигердиктин төмөндөө фазасына өттү. Мүчө мамлекеттердин экономикаларында учурдагы тенденциялар 2025-жылдын февралында уланат деп күтүлүүдө.

Алдыга кеткен индикаторлор Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан кыска мөөнөттүү келечекте евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүндө ишкердик активдүүлүктүн өзгөрүү динамикасынын багыты жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу үчүн колдонулуучу болжолдоо инструменти болуп саналат. Алар экономикалык агенттердин жүрүм-турумун жана экономиканын негизги тенденцияларын көрсөткөн кыска мөөнөттүү процесстер жөнүндө эң маанилүү маалыматтарды топтошот.