Жаңылыктар

01.12.2022 (Обновлено: 13.12.2022 10:19)

Комиссия өнөр жай кооперацияларын өнүктүрүүнүн жаңы механизмдерин сунуштоодо

Тышкы соода мамилелеринин трансформациясы, ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүнө санкциялык чектөөлөр, жогорку технологиялык импорттун олуттуу үлүшү Евразия регионунда, өзгөчө өнөр жай чөйрөсүндө жаңы чакырыктарды да, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да жаратат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Николай Рогожник X Эл аралык “Евразиялык экономикалык перспектива” форумунун пленардык жыйынында билдирди.

Бул жылдагы форумдун негизги темасы Евразия интеграциясын жаңы экономикалык реалдуулукта өнүктүрүү деп аталды.

«ЕАЭБдин ички рыногун колдонуу потенциалы абдан жогору жана өлкөлөр өз ара сооданы өөрчүтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бул жерде жаңы өнөр жай байланыштарын түзүү негизги ролду ойнойт. Комиссия өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурат – тармактык кызматташуунун куралдары жигердүү ишке ашырылууда, ЕАЭБдин индустриялаштыруу картасы иштеп жатат, – деди Николай Рогожник. – Өнөр жай товарларына карата талаптарды унификациялоо ыкмаларын жана өнөр жай кооперациясын каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү боюнча актуалдуу иштер жүргүзүлүүдө».

Николай Рогожник ЕЭК менен мүчө мамлекеттердин биргелешкен ишинин практикалык натыйжалары, анын ичинде ЕАЭБде айыл чарбалык машина жасап чыгаруу мисалында кооперативдик долбоорлорду түзүүнүн конкреттүү мисалдары жөнүндө айтты.

2-декабрда панелдик сессиянын алкагында Николай Рогожник форумдун катышуучулары менен Евразиядагы аймактык өндүрүш чынжырларын өнүктүрүү жана өнөр жай кооперациясынын келечегин, технологиялардын трансфери жана сырьё эмес экспортту талкуулайт, ошондой эле Санкт-Петербург мамлекеттик экономика университетинин жана Россиянын Элдердин достугу университетинин студенттери жана окутуучуларынын алдында ЕАЭБ мамлекеттеринин өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча комиссиянын ишмериги жөнүндө сөз сүйлөйт.

Маалымат

2012-жылы Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын демилгеси менен Евразиялык экономикалык шериктештик (ЕврАзЭС) жана КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин колдоосу менен «Евразиялык экономикалык перспектива» эл аралык форуму түзүлүп, ал жыл сайын Санкт-Петербург шаарында өткөрүлүп келет.

Көрсөтүлгөн эл аралык конгресстик иш-чаранын максаты – евразиялык экономикалык интеграциянын алкагындагы парламенттик жана башка кызматташтык багыттарды өнүктүрүү.

Ар бир форумдун программасы пленардык жана тегерек столду камсыз кылат. Пленардык сессияда ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн парламентинин, Евразия экономикалык комиссиянын, КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү жана Университеттердин Евразиялык ассоциациясынын алдыңкы жогорку окуу жайлары катышат.