Кыргыз Республикасына жумушчу сапарынын жүрүшүндө ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров 26-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын эксперттер тобу жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы модернизацияланган "Кызыл-Бел" автомобилдик өткөрүү пунктуна (АӨП) барып, анын бажы инфраструктурасы менен таанышты.
Кыргыз Республикасынын тышкы чек арасындагы өткөрүү пункттарын модернизациялоо боюнча иш-чаралардын аткарылышына биргелешкен мониторинг жүргүзүүнүн алкагында эксперттер "Кызыл-Бел" автомобилдик өткөрүү пунктун ЕАЭБ талаптарына ылайык жабдыктоо жана материалдык-техникалык жактан жабдуу аяктаганын ырасташты.
Өткөрүү пунктун заманбап жабдуулар жана бажы контролунун техникалык каражаттарынын комплекси менен жабдуу транзиттик потенциалды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт жана ошол эле учурда бажы контролунун тиешелүү деңгээлин камсыз кылат.
ЕЭК министри ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү менен жумушчу кеңешмеге катышты, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусунун алкагында өткөрмө пункттарын модернизациялоо боюнча кабыл алынган милдеттенмелеринин аткарылышынын жыйынтыктары чыгарылды.
"Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу шарттар жана өткөөл жоболор жөнүндө протоколдо каралган өткөрүү пункттарын жабдыктоо жана материалдык-техникалык жактан жабдуу боюнча иш-чараларды толугу менен аяктады", – деп белгиледи Эльдар Алишеров.
Кыргызстандын өткөрмө пункттарынын бажы инфраструктурасын модернизациялоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча Комиссия баяндама даярдайт, ал ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерине жөнөтүлөт жана Бирликтин бажы чек арасында контролдоочу органдардын өз ара аракеттенүүсү боюнча консультативдик комитеттин отурумунда кароого сунушталат.