Жаңылыктар

26.05.2022 (Обновлено: 15.06.2022 15:17)

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Бишкекте өткөн Евразия экономикалык форумунун пленардык отурумунда Бирликтин өнүгүү келечегин талкуулашты

Глобалдык трансформациялар доорунда Евразия экономикалык бирлигинин өнүгүү келечегин ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин лидерлери Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык форумдун пленардык отурумунда талкуулашты.

Отурумга Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович катышты.

ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлери Евразия мейкиндигиндеги экономикалык интеграцияга жана өз мамлекеттеринин экономикаларынын өнүгүүсүнө баа беришти.

Бирликте төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ЕАЭБти өнүктүрүү - бул Бирликтин ар бир мамлекетинин өзүнчө обочолонгон аракеттери эмес, бирикменин бардык катышуучуларына көзкаранды болгон өз ара толукталуучу процесс экенин белгилеп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин сөзү боюнча, дүйнөлүк саясатта турбуленттүүлүк өсүп жаткан, Бирлик боюнча өнөктөштөргө карата санкциялар жарыяланган шарттарда, тыгызыраак координация жана өз ара аракеттенүү фактору өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда.

"Мындай кырдаалда, бардыгыбыз тышкы жагымсыз факторлорго ыкчам жана натыйжалуу жооп кайтарышыбыз зарыл", — деди Садыр Жапаров жана ошондой эле Бирлик өлкөлөрүнүн пандемия учурунда чакырыктарга жооп кайтаруу боюнча жакшы тажрыйбасы бар экендигин эске салды.

"Мүчө мамлекеттердин кайсынысына болбосун тышкы басым жасалышы, бүтүндөй Бирликтен же кайсыл бир мамлекеттен өзүнчө бөлүнүп каралышы мүмкүн эмес. Буга байланыштуу биз уюшкандык менен иштеп жана биздин иш-аракеттерди координациялоону күчөтүшүбүз керек", - деп ал Бирлик өлкөлөрү ЕАЭБдин алдында турган бардык кыйынчылыктарды чогуу жеңе аларына ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров жаштарга өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи. "Үстүбүздөгү жылдын башындагы кайрылуусунда Кыргыз Республикасы Евразия жаштар форумун жыл сайын өткөрүү демилгесин көтөргөн. Анын алкагында биз евразия интеграциясы маселелери, биздин Бирликтин экономикалык өнүгүүсү боюнча көз карашыбыз туурасында пикир алмашуу үчүн жаш муундарга аянтча берүүгө даярбыз". Анын пикири боюнча, бул евразиялык интеграция идеяларын илгерилетүү үчүн бекем пайдубал түптөөгө жардам бере алмак.

Бирликтин санариптик күн тартибинин артыкчылыгын Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян белгиледи.

"Бирликтин санариптик күн тартибинин алкагында интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө жана экономика, жарандар жана ЕАЭБ мамлекеттери үчүн түз пайда алууга багытталган демилгелерди ырааттуу илгерилетүү зарыл", – деп белгиледи Никол Пашинян.

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, азыркы учурда болуп жаткан өтө татаал геосаясий шарттарда Евразия экономикалык бирлиги өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү.

Муну менен катар ал Евразия экономикалык комиссиясынын мүчө мамлекеттердин ортосунда компромисстерди табуу боюнча бир топ ийгиликтүү ишине көңүл бурду.

"Азыркы учурга карата биз ЕЭКтин алкагында жүргүзүп жаткан консультациялардын натыйжасында тоскоолдуктардын 80%ы четтетилди. Бул татаал иш уланарына үмүттөнөбүз. Интеграция - мүчө мамлекеттердин ортосунда компромисс табуу боюнча абдан түйшүктүү процесс", - деп Касым-Жомарт Токаев Казакстан ишкердик жана прагматикалык негизде евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн жактоочусу экендигин баса белгиледи.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Чоң Евразия өнөктөштүгүнүн учурдагы реалдуулугундагы келечектүүлүктү жана актуалдуулукту белгиледи.

"Чоң Евразия өнөктөштүгүн өнүктүрүүнүн комплекстүү стратегиясын түзүүгө мезгил келди жана ал биздин алдыбызда турган негизги эл аралык чакырыктарды чагылдырып, ошондой эле келечектүү максаттарды аныктап, аларга жетүү үчүн инструменттерди жана механизмдерди камтышы керек. Соода жана инвестициялык келишимдер тутумун, анын ичинде ШКУ, АСЕАН жана БРИКС мүчө мамлекеттеринин катышуусу менен өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдарды карап чыгуу зарыл", – деди Владимир Путин.

"Чоң Евразия – чоң цивилизациялык долбоор деп айтсак аша чапкандык болбос, жана анын негизги идеясы аймактык уюмдар үчүн тең укуктуу кызматташтыктын жалпы мейкиндигин түзүү болуп саналат. Чоң Евразия өнөктөштүгү саясий жана экономикалык архитектураны өзгөртүүгө, бүтүндөй континентте туруктуулуктун жана гүлдөп-өнүгүүнүн кепилдиги болууга багытталган, албетте, бардык элдердин өнүгүү моделдеринин, маданияттарынын жана салттарынын көп түрдүүлүгүн эске алуу менен", - деп кошумчалады Россия мамлекетинин башчысы.

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко мүчө мамлекеттердин биринин ыйгарым укуктуу органы тарабынан катталган баалуу кагаздардын проспектин өз ара таануу жөнүндө Жогорку Евразия экономикалык Кеңешинин эл аралык келишимин иштеп чыгуу зарылдыгына көңүл бурду.

Ошондой эле Роман Головченко соодада бааларды жана контракттардын валюталарын улуттук валюталарда аныктоо каралган эсептешүүлөрдө ЕАЭБ мамлекеттери улуттук валюталарды колдонуусун кеңейтүү боюнча иштерди активдештирүүнү сунуштады.

"Евразия экономикалык бирлиги – биздин тышкы коркунучтардан ишенимдүү коргонуубуз. Бул чоң рынок, чоң суроо-талап, эмгек, каржы ресурстарынын чоң көлөмү. Интеграцияны бекемдөө жана тереңдетүү менен гана биз бардык өтө маанилүү милдеттерди чечип, өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү таба алабыз жана тышкы кысымга туруштук бере алабыз", – деп белгиледи Беларусь Республикасынын Премьер-министри.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчыларынын көңүлүн интеграцияны өнүктүрүү үчүн келечекте Бирликтин биргелешкен компанияларын жана өндүрүштүк кластерлерин түзүүнүн маанилүүлүгүнө, ошондой эле кызматташтыктын башка багыттары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн күч-аракеттерин бириктирүүгө бурду.

"Форум интеграцияны бекемдөө жолдорун сунуштоо менен бардык күтүүлөрдү актады, бул бардык чакырыктарга жана коркунучтарга карабастан, ЕАЭБдин өз алдынчалыгын жана мүчө мамлекеттердин экономикаларынын суверендүү өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет", – деп жыйынтыктады ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. 

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү