Жаңылыктар

02.12.2022 (Обновлено: 13.12.2022 11:26)

Максат Мамытканов Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун студенттери үчүн ачык лекция өткөрдү

Евразия экономикалык комиссиясынын Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бажы кызматтары менен бажы кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүсү жаатындагы иштери жөнүндө ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун (МГИМО) студенттерине билдирди.


Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун аянтындагы ачык лекциянын жүрүшүндө министр бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча Комиссиянын эл аралык ишмердигинин практикалык аспектилерине, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарына токтолуп, ал жетектеген блоктун ишинин жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурду.

ЖОЖдун студенттери жана окутуучулары Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун укуктук инструменттеринин жана каражаттарынын негизинде Бирликтин укуктарын модернизациялоого ЕЭКтин теориялык жана практикалык мамилеси, ошондой эле Бирликте бажы тармагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышты. Муну менен катар Максат Мамытканов Комиссиянын жана мүчө мамлекеттердин бажы жол-жоболорун жакшыртуу жана сооданы жеңилдетүү боюнча жүргүзгөн эксперттик иштерине токтолду.

«Биздин Бирликтин өлкөлөрүнүн жаштары менен жолугушууларды абдан пайдалуу деп эсептейм. Бүгүнкү күндө, мисалы, Россиянын алдыңкы университеттеринин студенттери, окутуучулары, илимий кызматкерлери эл аралык бажы кызматташтыгынын маселелери жана ЕАЭБ сыяктуу аймактык эл аралык уюмдардын ишинин өзгөчөлүктөрү менен таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк алышты», — деди Максат Мамытканов.

Анын пикиринде, ЕЭК менен евразиялык интеграцияны туура жолго коюу менен мындай өз ара аракеттенүүнү улантуу керек.

Маалымат

Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун дубалдарында студенттик бирикмелердин демилгеси жана университеттин жетекчилигинин колдоосу менен Россиянын жана чет мамлекеттердин белгилүү саясатчыларынын, дипломаттарынын, мамлекеттик ишмерлеринин лекциялары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Бул студенттерге эл аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана перспективалары тууралуу “биринчи колдон” объективдүү маалымат алууга мүмкүндүк берет жана болочок дипломаттарды натыйжалуу даярдоого өбөлгө түзөт.