Башкы
/
Жаңылыктар
/
Максим Ермолович: "ЕЭК 2030-жылга карата ЕАЭБ алкагында жалпы биржалык товардык рынокту түзүү боюнча ишти баштады"
Максим Ермолович: "ЕЭК 2030-жылга карата ЕАЭБ алкагында жалпы биржалык товардык рынокту түзүү боюнча ишти баштады"
15.10.2025
15-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович Москвада өткөн "Россия энергетикалык жумалыгы" эл аралык форумунда 2030-жылга карата Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жалпы биржалык товардык рынокту түзүү боюнча иштин башталышын жарыялады.Максим Ермолович билдиргендей, биринчи кадам катары жакынкы убакта ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин өкүлдөрү кире турган Биржалык комитетин түзүү пландаштырылууда. Өзбекстандан жана Ирандан биржаларды байкоочу катары чакыруу пландаштырылып жатат.
Максаттуу милдет катары кеңири тизме боюнча биржалык товарларга баа индикаторлорун түзүү боюнча ЕАЭБде жалпы принциптерди жана ык-амалдарды иштеп чыгуу зарылдыгы аныкталган.
"ОЭК товарларынын бардык түрлөрүн жалпы биржалык товардык рынокко киргизүү жөнүндө дискуссия кайрадан башталышы керек", – деп белгиледи Максим Ермолович жана отун-энергетикалык комплексинин товарларына баа индикаторлорун белгилөө бардык мүчө мамлекеттердин улуттук экономикаларынын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизерин баса белгиледи.