Евразия экономикалык бирлигинин алкагында атаандаштыктын жалпы эрежелерин, анын ичинде укук колдонуу практикасын жана негизги кейстерди эске алуу менен санариптик рынокторду жөнгө салуу жөнүндө 10-октябрда Ташкентте Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович айтып берди.
"Өзбекстан Республикасындагы платформалык экономика: атаандаштык жөнүндө мыйзамдар жана санариптик платформалардын рыноктук бийлиги" эл аралык семинарынын панелдик сессиясында сүйлөп жатып, ЕЭК министри Комиссиянын учурдагы иштеринин багыттарына көбүрөөк көңүл бурду. Атап айтканда, ал санариптик рынокторду жана санариптик (электрондук) платформалардын ишмердүүлүгүн изилдөөдө колдонулуучу жалпы ык-амалдарды калыптандыруу, бул чөйрөдө сектордук изилдөөлөрдү жүргүзүү, электрондук соода жөнүндө макулдашуунун долбоорун даярдоо жөнүндө билдирди.
Иш-чаранын катышуучулары тематикалык панель форматында санариптик рыноктордогу атаандаштык жөнүндө мыкты мыйзамдык тажрыйбаларды, атаандаштыкка жана рынок бийлигине жасалма интеллекттин өсүп жаткан таасирин талкуулашты."Бүгүнкү күндө ЕАЭБ укугу Комиссия тарабынан санариптик рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө үчүн инструменттердин жетиштүү тизмесин берет. Атаандаштыктын абалын баалоо ыкмасы мындай рыноктор үчүн мүнөздүү факторлорду эске алууга мүмкүндүк берет", — деп баса белгиледи Максим Ермолович.
Глобалдык санариптик экономика шарттарында атаандаштык мыйзамдарын колдонуу стратегиясы жана бул жааттагы иликтөөлөр менен учурдагы кырдаал жөнүндө эксперттик дискуссиялар болуп өттү.
Иш-чара Өзбекстан Республикасынын Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча комитети тарабынан БРИКСтин Атаандаштык укук жана саясат борбору менен биргеликте уюштурулган жана атаандаштык чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперттерди, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн, Бразилиянын, Германиянын, Индиянын, Италиянын, Кытайдын атаандаштык ведомстволорунун өкүлдөрүн чогултту.