Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Айбек Мамыралиев Бишкекте өткөн жолугушууда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө атаандаштыкты өнүктүрүүгө байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн карап чыгышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө укук колдонуу маселелерине, анын ичинде Кыргыз Республикасынын "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамынын жаңы редакциясынын жоболорунун ЕАЭБ жөнүндө Келишимге шайкештиги жагынан өзгөчө көңүл бөлүндү. Айрым товарларга мамлекеттик бааны жөнгө салуу, ЕАЭБ мамлекеттеринин аймактарында эл аралык роумингдеги уюлдук байланыш кызматтарына адилеттүү тарифтерди белгилөө үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү, айрым товардык рыноктордогу атаандаштыктын абалына демилгелүү баа берүүнү жүргүзүү маселелери талкууланды.
Бул багыттарда өз ара аракеттенүү механизмдерин андан ары өркүндөтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгы — мындан аркы биргелешкен иштин негизги багыттары жана монополияга каршы жөнгө салуудагы кыйынчылыктарды чечүүнүн мүмкүн болгон форматтары жөнүндө макулдашуулар болду.