Максим Ермолович жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери чек ара аралык рыноктордогу атаандаштык маселелерин талкуулашты
Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович 3-июлда Астанада Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн атаандаштык чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен кеңешме өткөрдү.

Чек ара аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуунун мүмкүн болгон белгилерин аныктоо максатында товардык рынокторду жана экономиканын секторлорун демилгелүү изилдөөлөрдү жүргүзүү деталдуу талкууланды жана атаандаштыктын абалына демилгелүү баа берүүнү жүргүзүү ыкмалары жөнүндө пикир алмашылды.

"ЕАЭБ Соту ЕЭКтин рынокторду демилгелүү изилдөөлөргө жана ушул максаттарда маалымат берүү боюнча суроо-талаптарды жөнөтүү укугун ырастады, – деп белгиледи ЕЭК министри. – Бирок ЕЭКтин суроо-талабы боюнча маалыматты бербегендиги же толук эмес, же жалган маалымат бергендиги үчүн чарбакер субъекттерди жоопкерчиликке тартууга тиешелүү нюанстар бар, бул изилдөөлөрдүн мөөнөттөрү, толуктугу жана релеванттуулугу үчүн тобокелдиктерди жаратат".

Максим Ермолович ЕЭКтин ачык булактардан алынган маалыматтарга, статистикалык маалыматтарга жана рыноктун катышуучулары тарабынан өз ыктыяры менен берилүүчү маалыматтарга таянуу менен демилгелүү изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча ишти улантуу ниетин ырастады.

Кеңешмеде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн атаандаштык ведомстволорунун ЕЭК менен маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүнүн, анын ичинде чек ара аралык рыноктордо атаандаштыкты бузуунун белгилерин аныктоо үчүн маалымат алмашуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Кеңешменин ишине ошондой эле ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү да катышты.