Максим Ермолович: "ЕАЭБдин товарларынын жалпы биржалык рыногу алардын кыймылынын сапаттык жаңы деңгээлин камсыз кылат"

Евразия экономикалык комиссиясы жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү ЕАЭБдин алкагында 2030-жылга чейин товарлардын жалпы биржалык (уюштурулган) рыногун түзүү боюнча Иш-чаралар планын этап-этабы менен ишке ашырууга киришти. Бул туурасында ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович "Биржалык товардык рынок" Х эл аралык форумунун пленардык жыйынында билдирди.


2026-2027-жылдарга рынокко тиешелүү негизги жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу пландаштырылган. 2029-жылы имитациялык тооруктарды өткөрүү пландаштырылууда Мындан кийин жана тиешелүү инфратүзүм түзүлгөн соң, индикаторлор тутумун түзүү башталат. 

Мында негизги маселе Бирликтин жалпы биржалык товардык рыногунда тоорукка коюла турган товарлардын тизмесин түзүү болот.

"Бирдиктүү биржа рыногун түзүү заманбап экономикалык чакырыктарга жооп кайтаруунун таасирдүү инструменти болууга тийиш. Негизинен, бул ЕАЭБдин алкагында товарлардын эркин кыймылын камсыз кылуунун сапаттык жаңы деңгээлине өтүүгө мүмкүндүк берет. Менимче, Бирликтин жалпы биржалык рыногунда биздин өлкөлөрдүн экономикасынын негизин түзгөн товарлар тоорукка коюлушу керек", — деп баса белгиледи Максим Ермолович.