Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынын жамаатын ведомствонун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы менен куттуктады.
"Өткөн жылдар аралыгында Кызмат зор тажрыйба топтоду, улуттук мамлекеттик башкаруу органдарынын тутумунда да, бүткүл дүйнөнүн атаандаштык ведомстволорунун коомдоштугунда да абройлуу жана жогорку кесипкөй мамлекеттик институт катары калыптанды. Ак ниет атаандаштыкты камсыздоо, эркин рынок принциптерин, жарандардын жана чарбалык ишмердиктин катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо – бул биздин өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүнүн азыркы этабынын маанилүү жана негизги милдеттеринин бири", — деп белгиледи министр.
Маалымат
Федералдык монополияга каршы кызматы Россия Президентинин 2004-жылдын 9-мартындагы № 314 Жарлыгы менен түзүлгөн.