Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу министри Максим Ермолович 9-октябрда Ташкентте Өзбекстан Республикасынын Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо комитетинин төрагасы Халилилло Турахужаев менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Тараптар атаандаштык чөйрөсүндө өз ара аракеттешүүнүн негизги маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, санариптик платформаларды жөнгө салуу боюнча биргелешкен консультацияларды, форумдарды жана семинарларды өткөрүүнүн, тажрыйба, аналитикалык материалдар жана мыкты практикалар менен алмашуунун перспективалары каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эксперттик өз ара аракеттенүүнү активдештирүү тууралуу макулдашылды.
2020-жылдын декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши Өзбекстан Республикасына Евразия экономикалык бирлигинин алдындагы байкоочу мамлекет статусун берген.