Максим Ермолович Кыргызстандын финансы министри Руслан Суйналиев менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович жана Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиев Бишкекте Евразия экономикалык бирлигинин алкагында мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүн өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты.

Тараптар ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча биргелешкен ишти талдап чыгышты, отчеттуулукту берүү мөөнөттөрүн сактоого жана мамлекеттик сатып алууларды санариптештирүүгө тиешелүү маселелерди карап чыгышты.

Кызматташуунун потенциалы жөнүндө айтып жатып, Максим Ермолович кыргыз тарапка мамлекеттик сатып алууларды санариптештирүү боюнча активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстандын Бирликтин санариптик күн тартибине жана ЕАЭБдин укуктук базасын андан ары өнүктүрүүгө кошкон чоң салымын белгилеп, бул багытта андан ары кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Скачать исходники фотографий