Максим Ермолович Казакстандын Премьер-министринин орун басары – улуттук экономика министри Серик Жумангарин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – улуттук экономика министри, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин төрагасы Серик Жумангарин менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.


Тараптар Евразия экономикалык бирлигинин алкагында атаандаштык жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүнүн абалына жана өнүгүүсүнө тиешелүү бир катар маселелерди, анын ичинде атаандаштык чөйрөсүндөгү укукту өркүндөтүүнү талкуулашты.

 

ЕАЭБдеги биржалык сооданын келечеги, мамлекеттик сатып алуулардын алкагында товарларды өз ара жеткирүүнү көбөйтүү маселелери, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар максатында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келип чыккан товарлардын Бирлик өлкөлөрүнүн рынокторуна кирүүсү өзүнчө козголду.

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогунун алдыдагы V Евразия экономикалык форумунун алкагында өткөрүлө турган иш-чараларын даярдоо жана уюштуруу жөнүндө пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашууну камтыган мындан аркы биргелешкен иштин артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.