Максим Ермолович дипломаттарга ЕЭКтин иши жөнүндө айтып берди

Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович 27-июлда Минск шаарында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн продукциясынын мамлекеттик сатып алууларга катышууга жеткиликтүүлүк тартиби жөнүндө айтып берди.


Беларустун Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган Беларусь Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчилери үчүн семинарда сөз сүйлөп, Максим Ермолович Комиссиянын атаандаштык жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясаты жана иши менен тааныштырды.

 

ЕЭК министри мамлекеттик сатып алуулар максатында ЕАЭБ аймагында товарлардын келип чыккан өлкөсү маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Максим Ермолович угуучуларга ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторундагы Комиссиянын атаандаштык жаатындагы ишмердүүлүгү, анын ичинде атаандаштыкты адвокаттоо жана эл аралык кызматташтык жөнүндө маалымат берди.

Беларустун дипломатиялык коомчулугу үчүн семинар – мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусундагы жыл сайын өткөрүлүүчү маанилүү иш-чара, анда дипломатиялык ишмердүүлүктүн ар кандай аспектилери талкууланат.