Максим Ермолович: "ЕАЭБ менен БАЭ ортосундагы Экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу биздин өз ара мамилелерибиздин узак мөөнөттүү негизин аныктайт"

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагындагы "Россия – БАЭ" бизнес-диалогунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

"Бүгүнкү күндө түзүлгөн шарттарда эл аралык сооданы жүзөгө ашыруу үчүн өз ара аракеттенүүнүн көп тараптуу форматтары начар иштейт. Соода макулдашууларынын бар болгон пайдубалын бузбастан, өзүбүздүн кызматташтык архитектурасын куруу зарыл", – деп белгиледи ЕЭК министри.

Максим Ермолович Евразия экономикалык бирлигинин рыногу өзүнүн көлөмү боюнча жетишерлик күчтүү экендигине көңүл бурду: бүгүнкү күндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы соодасы 800 млрд доллардын тегерегин түзөт. Ошондуктан соода макулдашууларын өнөктөш өлкөлөр менен өнүктүрүү жана алардын ичине өз ара милдеттенмелердин кеңири тизмесин киргизүү мындан аркы өз ара аракеттенүү үчүн негиз түзөт.

"Эгерде 2024-жылы ЕАЭБ менен БАЭнин ортосундагы товар жүгүртүү 14 миллиард доллардын тегерегин түзсө, анда 2025-жыл ичинде биз дагы эки миллиард коштук. Ал эми өткөн жылы биздин ортобузда кол коюлган соода макулдашуусу бул процессти олуттуу түрдө ыкчамдатышы керек. Ошол эле учурда ал келишим жаңы жоболордун кеңири топтомун камтыйт, бул макулдашууларга жетишүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет", – деп айтып берди Максим Ермолович.

Бириккен Араб Эмираттарынын тарабынан сессияга экономика жана туризм министри Абдулла Бин Тук Аль Марри, БАЭнин Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мухаммед Ахмед Аль-Джабер, ошондой эле бизнестин өкүлдөрү катышты.


Скачать исходники фотографий