Жаңылыктар

30.05.2025

Максим Ермолович: "Атаандаштык боюнча региондук уюмдардын жолугушуулары дүйнөдөгү көбүрөөк натыйжалуу атаандаштык саясатын иштеп чыгууга жардам берет"

Евразия экономикалык комиссиясы Египеттин атаандаштык мекемесинин колдоосу менен Каир шаарында атаандаштык боюнча региондук уюмдардын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусун өткөрдү. Ага ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович катышты.

ЕЭКтин тармактык блогунун демилгеси менен салтка айланып калган мындай иш-чаралар эл аралык региондук уюмдарга актуалдуу маселелер боюнча конструктивдүү кызматташтык жүргүзүүгө, иш тажрыйбасын алмашууга жардам берет. Бешинчи жолугушуунун катышуучуларынын көңүл борборунда атаандаштыкты натыйжалуу жөнгө салуу практикалары болду.

"Биз региондук кызматташтыктын артыкчылыктарын илгерилетебиз, региондор аралык диалогду бекемдеп жана жайылтып жатабыз, алдыңкы атаандаштык практикаларын ар бир региондун муктаждыктарына ыңгайлаштырып жатабыз, жаңы идеяларды жаратып жатабыз, булар акыркы натыйжасында дүйнөдөгү көбүрөөк натыйжалуу атаандаштык саясатына алып келет", — деп эсептейт Максим Ермолович.

ЕЭК атаандаштык боюнча региондук уюмдардын жолугушууларын өткөрүүнү уланта берет.

Бешинчи жолугушууга Египеттин атаандаштык мекемесинин төрагасы, ЮНКТАДдын өкүлдөрү, Чыгыш жана Түштүк Африканын жалпы рыногунун, Чыгыш Африка коомдоштугунун, Батыш Африка экономикалык жана валюталык бирлигинин, Батыш африкалык мамлекеттердин экономикалык коомдоштугунун, Араб атаандаштык желесинин, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын, БРИКСтин жана Кариб коомдоштугунун өкүлдөрү катышты.