Эл аралык уюмдар дүйнөлүк агроазык-түлүк тутумунда ЕАЭБдин ролун талкуулашты
11.09.2025

11-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында эл аралык уюмдар жана бирикмелер бул тематика боюнча тегерек столдун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн дүйнөлүк агроазык-түлүк тутумунда жогорку ролун белгилешти.

ЕАЭБ, ШКУ, ФАО, АКИУ, КМШ мамлекеттеринин жана Дан боюнча эл аралык кеңештин өкүлдөрү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө улуттук жана аймактык стратегияларды ишке ашыруу тажрыйбасы менен алмашышты.

Дан, кант менен эл аралык сооданын маселелери, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн селекциясы, дүйнөлүк азык-түлүк рыногундагы структуралык жылыштар көңүл чордонунда болду. Айыл чарба продукциясынын экспортун камсыздандыруу боюнча колдоо чаралары, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товар өндүрүүчүлөрүнүн жогорку атаандаштыкка жөндөмдүү агроазык-түлүк чынжырларына катышуу перспективалары каралды.

"Евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрү агроазык-түлүк рыногун, анын ичинде АӨКтө санариптик технологияларды жөнгө салуунун натыйжалуу механизмдерин киргизүү маселелеринде жигердүү иштерди жасашты", – деп белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян.

Анын айтымында, Комиссия туруктуу агроазык-түлүк тутумдарын түзүү максатында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн платформа болууга даяр.

Иш-чарага ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Т.Р. Мидхун, Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун башкы директорунун орун басары Хусрав Нозири, ФАОнун Россия Федерациясы менен байланыштар боюнча бөлүмүнүн директору Олег Кобяков, Дан боюнча эл аралык кеңештин аткаруучу директору Арно Пети, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, АӨК чөйрөсүндөгү тармактык бирликтердин жана ассоциациялардын өкүлдөрү катышышты.